МОДЕРН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОДЕРН (фр. moderne - жаңы, учурдагы) м одерн стили - 19-к-дын аягы - 20-к-дын башындагы Европа менен Америка искусствосундагы стилдик багыт. Бул стиль Бельгия, Улуу Британия, АКШда жаңы искусство, Германияда Югендстиль, Италияда либерти стили, Испанияда модернизм деген ат менен белгилүү. «Жаңы көркөм искусство» М-дин өнүгүүсүндө анын идеялыкфилософиялык кыртышын неоромантизм түзгөн жана ал жаңы этапта индивид менен коомдун ортосундагы конфликттин романтикалык идеяларын, көркөм искусство чыгармаларын жаратууда визионердик менен чыгармачыл көрө билүүнүн алдынкы ролун, сүрөтчү-демиургдун дүйнө куруу миссиясын жандандырган. М. эстетикасы символизм менен эстетизм идеяларын, Ф. Ницшенин турмуш философиясын уланткан. Искусстводогу көркөм жана утилитардык башталыштарды жакындаштырууга, жаңы эстетикалык мазмундагы конструкциячыл системаны иштеп чыгарууга умтулган. Стилдик жактан ырааттуу иштелип, доорду, тышкы материалдык чөйрөнү элестүү туюнтууну көздөгөн жаңы көркөм форманы алдына койгон. Көркөм өнөр синтезинин идеясы М-дин кайталангыс айкын эстетикасынын пайда болушуна шарт түзгөн. Синтездин негизин живопись менен театр кийиминин моделине чейин бүт көркөм искусство түрлөрүн бириктирген архитектура түзгөн. М. архитектурасы каркастык конструкцияны, темир-бетон, айнек, сомдолгон темйр, таш ж. б. материалдарды кеңири пайдалануу, симметриялуулукка каршы чыгуу аркылуу өзүнчө касиетке ээ образдык бирдиктүүлүккө жетишүү сыяктуу өзгөчөлүктөр менен айырмаланган. Көркөм искусство синтезинин бирдиктүү үлгүлөрүнө М. доорундагы Бельгия, Австрия, Испания, Германия, Шотландия, Россиядагы (Ф. О. Шехтель, Чарлз Макинтош, Антонио Гауди, Отто Вагнер, Виктор Орта ж. б.) коомдук имараттар кирет. Эреже катары, алар «ичинен сыртын көздөй» курулган. Мындай үйлөрдүн фасады симметриялуу болгон эмес жана тирүү организм сымал өзгөрүп туруучу түзүлүштөргө окшош болуп, бир эле учурда бедизчинин табигый формалар менен эркин форма түзүүчү чыг-лыгынын жыйынтыгын элестеткен. Кол менен жасалган форманын табигый формага окшоштугу М. эстетикасынын эң негизги принциптеринин бири болгон. М. стилинин негизги элементи - орнамент, ошондой эле станоктук жана жасалга-колдонмо түрлөрү. Укмуштай өнүгүүгө ээ болгон архралык формада, имараттын деталдарында, орнаментте жакшы чагылдырылган жана ал жакта архитектуралык форманын ийри сызыктуу турпатынын, паркет сүрөтүнүн дубал панносу, эмерек предметтери менен фантастикалык ар түрдүү зергердик жасалгалар композициясы жана колдонмо көркөм өнөрдүн башка буюмдарынын байланышы пайда болгон. М. живописи үчүн тегиздик, бүтүн орнаменттүлүк менен чыгарманын жердигине киргизилген иллюзионисттик жана натуралисттик деталдардын айкалышы мүнөздүү. М-дин көркөм тили көпчүлүк учурда символизм образдары менен идеаларын чагылдырган. Көркөм сүрөт искусствосунда «М.» англ. О. Бёрдсли, немис Т. Т. Хейне, Россиядан А. Н. Бенуа, К. А. Сомов ж. б-дын чыгармачылыгында ачык байкалып, символизмдин эстетикасын өөрчүтүу, ашкере жасалгалуулукка умтулуу мүнөздүү сапат болуп калган. Ошол себептүү «М.» стилинин өкүлдөрү кайгылуу турмуш окуяларына, эротикага, өлүм проблемасына, легендаларга көбүрөөк кайрылышкан. Жасалга-колдонмо көркөм искусстводо жандуу менен жансыздын, чындык менен фантазиянын жакындашуусу жана аналогиялар өзгөчө ачык байкалган (Испаниядан Антонио Гаудинин карапасы, Америкадан Луис Комфорт Тиффанинин жана Франциядан Эмиль Галленин айнеги, париждик мэтр Эктор Гимардын металл тосмолору, Россиядагы «Фаберже» фирмасынын буюмдары). Форма жана жасалга тармагында М. жаңылыктары менен идеяларын Россияга «Искусство дүйнөсү» (1899-1904), «Алтын руно» (1904-09) журналдары жайылткан.
Ад.: Горюнов В. С„ Тубли М. П. Архитектура эпохи модерна. СПб., 1994; Сарабяное Д. В. Модерн. История стиля. М., 2001.