МОГОЛСТАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОГОЛСТАН — 14-к-дын орто ченинде 0. Азия­да түзүлгөн өз алдынча мамлекет. 1346-ж. Ка­зан хан өлтүрүлгөндөн кийин Чагатай улусу ыдырай баштаган. Мавераннахрда түрк эмир­леринин бир нече майда ээликтери түзүлсө, Му­хаммед Хайдардын эмгеги (к. «Тарих-и Раши­ди») боюнча анын чыгыш бөлүгү (к. Манглай Субе) дуулат уруусунун эмири Ордобинин (Уртубу) эн­чисине тийип, натыйжада М-дын мамлекеттик бирик­месинин калыптанышына дуулаттар (дуглат) чоң роль ойногон. Ордобинин небереси Болат­ши (Пуладчи) Чагатай тукуму деп саналган Туг­лук Тимурду (Чыңгызхандын тукуму) Ак-Суу ш-нда (Чыгыш Түркстан) такка отургузушкан (1347). Туглук Тимур (1347-62) бийлигин бе­кемдөө үчүн ислам динин курал катары пайда­ланып, бир катар администрациялык, экономикалык, саясий реформа­ларды жүргүзгөн. Башкы калаасы (1347-80) Ал­малык болуп, 1361-ж. Мавераннахр толук мо­гол ханына баш ийген. М. мамлекети Кыргызстандын азыркы аймагын, Казакстандын түштүк-чыгышын кучагына алган, башкача айтканда чыгышынан Бар-Көл, Эмил жана Иртыш; түндугүнөн Көкчө-Тениз (Бал­хаш), Бум-Лиш жана Каратал; батышынан Түрк­стан, Ташкент; түштүгүнөн Фергана, Кашкар, Чалыш, Турпан менен чектелген. Кыргыз уруула­ры М-га көз каранды болуп калбоо үчүн аларга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп турушкан. Өз алдынчалыгы үчүн Мухаммед Хайдар аларды «Моголстан токоюнун арстандары» деп атаган. Туглук Тимурдун уулу Илияс Кожонун тушун­да (1362-80) М. ыдырай баштаган. Жети-Суу ай­магына дуулаттардын эмири Камар ад-Дин ээлик кылса, Иледен Тарбагатайга чейинки жерлер Еңге төрөнүн колуна өткөн. Султан Саид хан­дын тушунда (1514-33) М. Кашкар аймагын гана камтып, бир нече жолу катуу сокку жегенине карабай, кыргыздар моголдорго көз каранды болуудан арылган (к. Мухаммед Кыргыз). Бул жөнүндө Мухаммед Хайдар «Бабурдун тукумунан башка Чагатайдан (моголдордон) киши калбай, Турпан жана Кашкар тарапта отуз миңге жакын могол калганын», эми М-га өзбек (казак) жана кыргыздар ээ болгонун эскертет. М-дын алсы­рай башташы менен кыргыздардын өз алдынча мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө шарт түзүлгөн. 1678-ж. М-ды калмактар басып алып (к. Жуң­гар хандыгы), 1704-ж. Мухаммед Мумин хан­дын көтөрүлүшүнө байланыштуу биротоло жоюлган.

Ад.: Бартольд В. В. Древнетюркские надписи и арабские источники. Соч. Т. V. М., 1968; Караев О. Арабские и персидские источники 1Х-ХП вв. о киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Акимушкин О. Ф. К вопросу о внешнеполитическйх связях могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI- 60-х годах XVII в. // Палестинский сборник. Вып. 21 (84). Л., 1970; Пищулина К. А. Юго-Восточный Казахстан в середине XIV - начале XVI в. А.-А., 1977; Мухаммед-Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; НоиюгИг Н. Н. Н181огу о£ 1Ье Моп§о1з 1гот 1Ие 9111 1о 1Ье 191Ь сеп1игу, р1. 1, 1Ье Моп£о1в ргорег ап<1 1Ье Ка1тикв, Ьопбоп, 1876.