МОГАДИШО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОГАДЙШО, Могадишу — Сомалинин борбору жана башкы порту. Бенадир обл-нун администрациялык борбору. Инди океанынын жээгинде, өлкөнүн батышында жайгашкан. Калкы 1,5 миллион (2012). Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн саясий жана маданий очогу. М. болжол менен 10- к-да негизделген. Кийин Инди океанынын ала­бындагы маанилүү соода борбору болгон. Тамак-

Шаардагы турак-жай райондорунун бири.

аш, булгаары-бут кийим, металл иштетүү, жы­гаччылык ө. ж. бар. 12-к-дан 17-к-га чейин Могадишо мамлекетинин, 1905-ж. Италия ба­сып алгандан кийин Италиянын Сомалидеги аймагынын, 1960-жылдан Сомали Респ-нын борбору. 17-к-даОман султандыгынын, 19-к-да Занзибардын курамына кирген. 20-к-дын орто­сунан заманбап курулуштар курула баштаган. Улуттук университет (анын астында китепкана), Вак­цина жана кан сары суусу (сыворотка) институту, коллеждер (анын ичинде ислам динин окутуу, ветери­нария, индустрия жана саламаттык сактоо ж. б.) жана медицина жана тропика коому иштейт. Улут­тук музей, мечит (18-к.) бар. Гарес ак сарайын­дагы музей (19-к.) туристтердин кызыгуусун арттырат. 9-10-к-да негизделген.