МНАЦАКАНОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МНАЦАКАНОВА Светлана Ивановна (17. 5. 1911, Армения, Нахичеван - 17. 6. 1997, Биш­кек) - пианист. Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1964). КРдин эл арт. (1994). 1931-ж. Ленинград

консерваториясынын форте­пиано классын бүтүргөн. 1938-ж. Кыргызстанга келип, Кыргыз опера жана балет театрында концертмейстер болуп иштеген. Алгачкы опера ырчылары С. Кийиз­баева, М. Махмутова, А. Куттубаева, А. Боталиев, А. Малдыбаев, К. Эшимбе­ков ж. б. ырчыларды фор­тепьянонун коштоосунда ырдоого үйрөтүүдө зор чыгармачылык күч жумшаган. 1939-ж. жана 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз ад­ты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан. КМШ өлкөлөрүндө, Кытайда, Моңголияда, Гер­манияда, Полыпада, Канадада, Индияда гаст­ролдо болгон. «Ардак Белгиси», 3-даражадагы Даңк ордени жана медаль менен сыйланган.