МКРТЧЯН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МКРТЧЯН Мгер (Фрунзе) Мушегович (4. 7. 1930, Армения, Ленинакан ш. - 29. 12. 1993, Ереван) - актёр, СССР эл арт. (1984). Ереван театр институтунда окуган. 1956-жылдан Сундукян атындагы театрда иш­теген. Кинодо алгач коме­диялык ролдордо тартыла баштаган («Даректи издөө», 1955; «Дарыя эмне деп күүл­дөйт» жана «01-99», 1959). «Отуз үч» (1966), «Айболит- 66» жана «Кавказ туткуну» (1967) фильмдеринде өзгөчө кебете-кешпири башкы

каармандардын образдарын­да колдонулган, ал эми «Үч бурчтук» фильминде М-дын лирикалык жана драмалык чеберчилиги ачыл­ган (Армян ССРинин мамлекеттик сыйл., 1975). М-дын комедиялык жана драмалык жөндөмдүүлүгү Ап­ронун («Наапет», 1977), Рубендин («Мимино», СССР мамлекеттик сыйл.) жана Арменактын («Жоокер жана пил», Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйл.) - экөө тең 1978, Григори-агинин («Кор­доо», 1980) ролдорунан көрүнөт. «Өткөнкүндүн

ырлары», (1982); «Бойдокторго жатакана бери­лет» (1984) ж. б. фильмдерге тартылган.