ИСЛАМАБАД
ИСЛАМАБА́Д – Пакистан Ислам Республикасынын борбор шаары. Өз алдынча административдик бирдик статусуна ээ. Борбордук федерация округунун административдик борбору. Ги-

малайдын этегиндеги Потвар платосунда, деңиз деңгээлинен 550 м бийиктикте жайгашкан. Исламабаддын климаты жагымдуу; июлдун эң жогорку температурасы 39°С, январдын эң төмөнкүсү 3°С. Калкы 1,109 млн (2023). Өлкөнүн мурдагы убактылуу борбору – Равалпинди шаары менен туташып, агломерацияны түзөт; калкы 3,2 млн. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Өлкөнүн илим-билим борбору. Пакистан Илимдер Академиясы (1953), ири улуттук китепкана, университет (Каид-и- Азам), атом энергиясы боюнча Пакистан комиссиясы (бүткүл дүйнөгө белгилүү, 1956; курамында 20га жакын илимий изилдөө институту бар), институттар (анын ичинде адам укугу, тарых, маданият ж. б.) жана Ислам таануу окуу жайы, улуттук архив (1951), музейлер, сүрөт галереясы бар. «Шахрезада» мейманканасы, Фейсал улутук мечити, шаар грек архитектору К. А. Доксиадистин долбоору менен борборду куруу жөнүндөгү өкмөттүн 1959-жылкы чечимине ылайык (1960–70-жылдар) атайын курулган.