«ВОСТОК»
«ВОСТОК"́К» – 1) жер айланасындагы орбита боюнча учууга ылайыкталган бир орундуу космос кемелеринин аты. «Восток» кемеси м-н 1961-ж. 12-апрелде космос мейкиндигине биринчи болуп Ю. А. Гагарин учуп чыккан. «Восток» кемеси сфера түрүндөгү кабинадан жана тормоздук кыймылдаткыч жасалгалардан турат. Кабинанын ичинде космонавт отуруучу кресло, бортприборлор жана радиоаппаратура болот. Конор алдында тормоз кыймылдаткычы иштеп, 7 км бийиктикте космонавт кабинадан катапульта менен ыргытылып, парашют менен жерге түшөт. Учкуч космонавттар Г. С. Титов «Восток-2» (1961-жылы 6-август) менен Жерди 17 жолу, А. Г. Николаев «Восток-З» менен (1962-ж. 11-август) 64 жолу, П. Р. Попович «Восток-4» менен (1962-ж. 12-август) 48 жолу, В. Ф. Быковский «Восток-5» менен (1963-ж. 14-июнь) 81 жолу, В. В. Терешкова «Восток-6» менен (1963-ж. 16-июнь) 48 жолу айланып чыгышкан. «Востоктун» максимум массасы 4,73 т, максимум учуу бийиктиги 327 км. 2) Космос кемелерин учуруу үчүн

3 баскычтуу ракета-алып жүргүч. 3) Россиянын Түштүк июлда (Чыгыш Антарктида) жайгашкан станциясы.