ВЕТЕРИНАРИЯ -САНИТАРИЯЛЫК ЭКСПЕРТТӨӨ (ВСЭ)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 26 Август (Баш оона) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕТЕРИНА́РИЯ -САНИТАРИЯЛЫК ЭКСПЕРТТӨӨ (ВСЭ) – 1) тамак-аш продуктулары­нын сапатын жана зыянсыздыгын аныктоо боюнча жүргүзүлүүчү изилдөөлөр жана чаралар комплек­си. Аны эт-сүт, балык, айыл чарба мекемелеринде, ба­зарларда, кушканаларда ветеринариялык кызмат ишке ашы­рат. Малды соёрдо жана сойгондон кийин ылаң­га диагноз коюу, эт, сүт, балык, жумуртка жана алардан жасалган продукцияларды гистологиялык, микробиологиялык, физикалык, химиялык жана башка ыкмаларды кол­донуу менен лабораториялык анализ жүргүзүлөт. ВСЭнин не­гизги маңызы – зооантропоноздук жана антро­позооноздук жугуштуу жана мите ылаңдарынын тамак-аш, жем-чөп жана техникалык продукциялар ар­кылуу адамга жана жаныбарга таралуусун ал­дын алуу. 2) Ветеринарияны тамак-аш продук­туларын, өсүмдүк жана жаныбарлардан алын­ган сырьёлорду изилдөө ыкмаларын жана ветеринариялык- санитариялык баалоо принциптерин изилдөөчү бөлүмү. ВСЭ өз алдынча илим тармагы катары 20-кылымда калыптанган, бирок жаныбарлардан алынган кээ бир продуктулардын тамак-аш катары жа­рактуулугун жана жараксыздыгын аныктоо 17-кылымдан баштап эле белгилүү болгон. ВСЭ мите ылаң­дарда, лейкоздо, чочконун ж. б. жаныбардын сибирь кулгунасында; токсикоинфекцияда жана токсикоздо эттин, балыктын жаңылыгын жана ылаңдаган малдын этин тамак-ашка жарамдуу же жарамсыздыгын аныктоодогу химиялык ыкмалар­ды; гистологиялык ыкма менен эттин канча деңгээлде жа­ңылыгын жана жетилгенин, радиоактивдүү зат­тар жана иондук нурлар менен продукциялардын бузулганын аныктоо; жаныбарлардан алынган кургак тоют продукцияларына ветеринариялык-санитариялык баа берүү иш-чараларын жана ыкмаларын иштеп чыгат.

А. И. Иргашев.