ЛИФТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:55, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИФТ (англ. lift - көтөрүү) - көп кабаттуу үй­лөрдө, шахтада адамды жана жүктү жогору көтө­рүп чыгаруучу, төмөн түшүрүүчү жабык кабина. Электрдик лифт чыгырык (блок) аркылуу өткөн болот аркан менен бир жагына кабина жана экин­чисине каршы салмак илинген. Көтөрө турган жүктүн салмагы кабина менен каршы салмактын айырмасына барабар болуш керек. Лифт шахта­нын жогору жагында жайгашкан электр мото­ру менен кыймылга келет. Гидравликалык лифт тө­мөн жагынан кабинанын астындагы домкрат менен тирелип көтөрүлөт. Азыркы автоматтык лифттер микропроцессорлор менен башкарылат жана ар кандай чакырууга жараша иш аткарат. Ка­бинанын эшиги кабаттын дал тушуна келгенде ачылат. Көк тиреген көп кабаттуу үйлөрдө экс­пресс лифт - төмөндөн жогорку кабатка чейин жет­кирүүчү жана белгилүү кабатка чейин гана жет­кирүүчү лифттер орнотулган. 0шондой эле жүргүнчү та­шуучу лифт (жөнөкөй, тез жүрүүчү, оорукана лифти) жүк көтөрүмдүүлүгү 320-1600 кг, ылдамдыгы 0,5-7 м/с, ал эми жүк ташуучунуку (мисалы, дү­көндөрдө) 10 г, 0,18-0,5 м/с. Көтөрүү бийикти­ги болжол менен 150 мден жогору.

Жүргүнчү ташуучу жөнөкөй лифт
Панорама-экспресс лифти