БАЙЗАКОВ Шейшенбек Калильбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:54, 10 Апрель (Чын куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЗАКОВ Шейшенбек Калильбекович [17. 12. 1954, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл облусу, Рыбачье (азыркы Балыкчы) шаары] – милициянын генерал-майору (2011). СССР Ички Иштер министрлигинин Караганды жогорку мектебин бүткөн (1977). 1977–1981-жылдары Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн инспектору, 1981–1983-жылдары Фрунзе шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1983–1985-жылдары Сокулук, 1985–1988-жылдары Чүй райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниги, 1988–1991-жылдары Кыргыз ССР Ички Иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштери боюнча улук ыкчам өкүлү, 1991–1993-жылдары Талас, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги, 1993–1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинде экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальнигинин 1-орун басары, 1996–2001-жылдары КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана бандитизмге каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын (ГУБОП) начальниги, 2001–2010-жылдары Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2010–2011-жылдары КРдин Убактылуу Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу, 2011–2012-жылдары КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, «Менде сый-урмат бар» улуттук аскер бирлигинин төрагасы, КРдин бильярд спорту федерациясынын башкы катчысы жана биринчи вице-президенти. Самбо боюнча СССР спортунун чебери (1972). КРдин таэквондо федерациясынын биринчи вице-президенти (1993). КР ИИМдин бильярд боюнча чемпиону (1999). Бильярд спорту боюнча Бишкек шаарынын вице-чемпиону (2000). «Милициянын отличниги», 3-даражадагы «Манас» ордени (2021), ошондой эле СССР жана Кыргыз Республикасынын ж.б. медалдары, Ардак грамотасы менен сыйланган.