КОСМОГОНИЯ
КОСМОГОНИЯ (космос ж-а ... гония) – астрономиянын асман телолору м-н алардын системаларынын (Күн системасы, жылдыздар, галактикалар ж. б.) пайда болушун ж-а эволюциясын изилдөөчү бөлүгү. Жылдыз ж-а Күн системасынын космогониясы өтө жакшы өнүккөн. 18–19-кылымдарда космогониялык гипотезалар Күн системасынын пайда болушуна гана арналган. 20-кылымдын 2-жарымында асман телолорунун өлчөмүн, массасын, ылдамдык катыштарын анализдөө Күн системасынын бирдиктүү муздак газ-чаң булуттан ж-а тумандуулуктан пайда болушу жүнөндөгү божомолдоого алып келген. Гравитациялык күчтүн таасири астында сейректелген чөйрө (газ, тумандуулук) кысылып, анын натыйжасында жылдыз, жылдыз системасы ж-а планеталар калыптана баштайт. Космогонияны изилдөө объектилери боюнча планеталар, жылдыздар, галлактикалар космогониясы болуп бөлүнөт.