КОРНЕВА Нина Григорьевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 28 Апрель (Чын куран) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРНЕВА́РНЕ Нина Григорьевна (1923-жылы туулган, Казак­стан, Ак-Төбө облусу, Харьков кыштагы) – айыл чарба илимдеринин доктору (1979), профессор (1980). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгыныны лауреаты (1976). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1944). 1944–63-жылдары ошол эле иститутта ассистент, доцент, агрохимия кафедра­сынын башчысы, агрономия факультетинин деканы. 1963-ж. Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин агрохи­мия бөлүмүнүн башчысы. 1982-жылдан Кыргызстан дыйканчылык илимий өндүрүш бирикмесинин гене­ралдык директорунун илимий иштер боюнча орун баса­ры, бөлүм башчы, илимий кеңешчи. Кыргызстанда жер семирткичтерди колдонуу ыкмаларын иштеп чыккан; 150дөн ашуун илимий эмгектин автору.

Эмг.: Система удобрения культур в севообороте. Ф.,1968; Умелое применение удобрений – залог высоких урожаев. Ф., 1976.