КОЖОКЕЛЕҢ
КОЖОКЕЛЕҢ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Папан айыл округуна караштуу. Кичи Алай өрөөнүндөгү Жиптик-Суу суусунун өйүз-бүйүзүндө, деңгээлинен 1995 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 120 км. Ош темир жол бекетинен 90 км. Калкы 1053 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.