КОЖО-АРЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖО-АРЫК – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Кулатов атындагы айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 1420 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 44 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 19 км. Кал­кы 7000дей (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, ки­тепкана, медпункт бар. Соода түйүндөрү, тамак­тануу жайлары иштейт.