РИМ СЫЙЛЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

РИМ СЫЙЛЫГЫ (французча Grand Prix de Rome – Чоң Рим сыйлыгы) - Франциянын улуттук мамлекеттик сыйлыгы 1803-жылы негизделген. Көркөм өнөр академиясы тарабынан жылына Париж консерваториясын эң жакшы бүткөн композитор жанa башка көркөм окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө ыйгарылат.