О’НИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

О’НИЛ Южин (16.10.1888, Нью-Йорк - 27.11. 1953, Бостон) - америкалык драматург. Адам турму­шундагы трагедиялуу кагылышууларды жана та­таал кырдаалдарды ачып көрсөтүу түзгөн пье­саларында

экспрессиялуу­лук реализм менен, символи­ка гротеск менен айкалышат. Негизги проблемалары: кү­нүмдүк турмуш менен таттуу кыялдын трагедиялык сы­йышпастыгы («Горизонт ар­тында», 1920), дүнүйө жый­ноо жана мансапка жетүүнүн аркасынан жүрүп инсандын бузулуусу («Акындын жан дүйнөсү», 1936), раса орто­сундагы кагылыштар («Жараткан кудайдын бал­дарынын баарынын канаты бар», 1924), адам­дын өзү жана дүйнө менен чечилбес келишпестиги, инсандын жарандык милдетинин адамдык ма­ңыздан обочолонушу («Байыраак сарайлар», 1939). «Аза күтүү - Электранын тагдыры» (1931) аттуу монументтик пландагы трагедиясы бар. Нобель сыйл. лауреаты (1936).