ОҢ КАНАТ
ОҢ КАНАТ - кыргыз элинин этносттук саясий түзүлүшү; анын бир бутагы жана уруулук бирикмеси. Болжол менен 15-16-к-да калыптанып бүткөн. Кыргыз санжырасынын бардык вариантында кыргыз элинин чыгышы, калыптанышы Долон бийдин эки уулу Ак уул (Агул) жана Куу уулга (Куул, Кувул) байланышып, Ак уулдан тарагандар О. к. (он) болуп аталат. Санжырада эгиз балдарды тактоо (Ак уул энесинин оң, Куу уул сол бөйрөгүндө жатканы, башкача айтканда экөөнүн бир тууган экенин белгилөө) үчүн аталып калганын көргөзөт. О. к. жөнүндө алгачкы маалымат Сайф ад-Дин Аксыкентинин эмгегинде (к. «Мажму ат-таварих») кезигет.
Ад.: Дублицкий В. Н. Родословная таблица (кара) кыргыз, проживающих в Джеты-Суйской области, и краткая их история. А.-А., 1923; Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999. Р. Жолдошов.