ОРГАНИКАЛЫК ЭМЕС ХИМИЯ
ОРГАНИКАЛЫК ЭМЕС ХИМИЯ — химиялык элементтер жана алардан пайда болгон жөнөкөй жана татаал химиялык заттар жөнүндөгү илим. Ал химиялык элементтердин атомдорунун түзүлүшүн, касиеттерин толук изилдеп, алардан пайда болгон бирикмелердин курамын, түзүлүшүн, касиеттерин жана молекулалардын түзүлүшүн изилдейт. 0. эле азыркы мезгилдеги техникаларда колдонууга жарактуу механикалык бекем, жогорку температурага агрессивдүү чөйрөнүн, радиоактивдүү нурлардын таасирине туруктуу касиеттерге ээ болгон жаңы материалдарды алат жана алардын илимий негиздерин иштеп чыгат. 0. э. х-нын теориялык негизи болгон стехиометриялык закондор - массанын сакталуу, курамдын туруктуулук, эселик катыш, эквиваленттер жана газдар аракеттенишкендеги жөнөкөй көлөмдүк-катыш закондору химиялык айланыштардагы заттардын сандык катыштарын аныктаса, Д. И. Менделеевдин мезгилдик закону жана анын негизинде түзүлгөн элементтердин мезгилдик системасы О. э. х-нын өөрчүшүнүн негизги фундаменти болуп кызмат аткарат. О. э. х-нын өөрчүшү 19-к-дын 2-жарымына
чейин жалпы химия илиминин өөрчүшү менен бирдикте жүргөн. Органикалык эмес заттар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар (металлдар - алтын, күмүш, жез, темир, коргошун, калай, сымап; көмүртек, күкүрт сыяктуу металл эместер) эзелтен эле белгилүү болгон. Ошол мезгилдеги металлдарды (жез, коргошун ж. б.) алтын, күмүшкө (асыл металлдарга) айландырууга багытталган иштер алхимиянын өөрчүшүнө алып келген. Алхимиянын мезгилинде өтө маанилүү минералдык кислоталар НС1, Н28О4, ННО3, ошондой эле таза Аз, 8Ь, Р алынган. Кайра жаралуу мезгилинен баштап металлургия, айнек, боёк, тери ашатуу ж. б. техникалык процесстер өнүгө баштаган. Бул убакта эксперименттик байкоолор жана машыгуулар, лабор. аспаптар, заттарды тазалоонун ыкмалары (кристаллдаштыруу, буулантып айдоо, кайнатуу ж. б.) өздөштүрүлгөн. 18-к-дын башында флогистон теориясы илимде өз ордун алып, бул теория ката болсо да, бир катар химиялык кубулуштарды бир жалпы көз карашта түпгүндүрүүгө аракет жасаган. 1756-жылы М. В. Ломоносов, кийинчерээк А. Лавуазъе флогистон теориясын жокко чыгарып, күйүү кычкылтек менен заттардын ортосунда ишке ашкан реакция экенин далилдешти. 1789-жылы А. Лавуазье элементтердин тизмесин жарыялап, заттарды атоонун рационалдык системасын сунуш кылган. 19-к-да атоммолекулалык окуунун теориялык негиздери иштелип чыкты. Атомдук массаларды аныктоо жана тактоо, стехиометриялык закондордун ачылышы жана химиядагы негизги түшүнүктөр (атом, молекула, эквивалент, валенттүүлүк жөнүндөгү) аныкталган. Ал учурда бОтан ашуун химиялык элемент белгилүү болуучу. Булар 1869-жылы Д. И. Менделеев ачкан элементтердин мезгилдик законунда системага салынган. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында металлургия, машина куруу, электр-химиялык ө. ж-нын өзүшү менен түстүү металлдарды колдонуу кенейген. 1915-жылы немис окумуштуусу В. Коссель, 1916-жылы америкалык физикалык-химик Г. Льюис валенттүүлүктүн электрондук теорияларын сунуш кылышкан. Жаңы элементтерди издөөдө даниялык физик Н. Бордун атомдун түзүлүшүнүн кванттык теориясы (1913-жылы) чон роль ойногон. Табигый радиоактивдүүлүктүн ачылышы менен химияда жаңы тармак - радиохимия пайда болгон. 1934-жылы жасалма радиоактивдүүлүктүн ачылышынан баштап табиятта кездешпегён химиялык элементтер жана изотоптор алына баштаган. 20-к-дан 0. э. х-нын бир катар тармактары-комплекстүү бирикмелер химиясы, физикалык-химиялык анализ, стехиометриялык эмес бирикмелер, сейрек элементтер химиясы, органикалык эмес ири молекулалуу бирикмелер, жер семирткичтер химиясы, болот жана чоюндун химиясы, космос химиясы ж. б. бөлүнүп чыкты.
Ад.: Коттон Ф„ УилкинсонД. Ж. Современная неорганическая химия//Пер. с англ. М., 1969; Реми Г.
Курс неорганической химии//Пер с немисче М., 1972- 74; Некрасов Б. В. Основы обгцей химии. 3-е изд. Т. 1-2, М., 1973. Асанов Ү., Кудайбергенов Т. Рысмендеев К. Жалпы химия. Б. 1998.
|Д. Рысмендеев. |