ОРАТОРИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОРАТОРИЯ (итал. огаЪопо, латынча ого - айтам, өтүнөм) - ырчы-солист, хор жана оркестр үчүн жазылган көлөмдүү музыкалык чыгарма. Кантапгага
окшош, бирок монументтүү, эпика-драмалык мүнөзгө жана айкын сюжетке ээ. 16-к-дын аягында диний музыкалык жанр катары калыптанган, кийин граждандык О-лар пайда болгон. Классикалык үлгүлөрүн Г. Ф. Гендель жазган. Орус О-ларынын алгачкы үлгүлөрү 19-к-дын башына таандык. 19-к-дын ортосунан маанисин жогото баштаган. 20-к-да кайра жаралып, мазмуну кеңейди, көркөмдүк каражаттары артты, таасири өстү.