ОППОЗИЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОППОЗИЦИЯ (латынча оррозШо - каршы чыгуу, каяша айтуу) - өкмөттүн же бийликте турган партиянын жүргүзгөн саясатына каршы өз көз карашы жана саясаты менен чыккан партиялар жана топтор. Демокр. өлкөлөрдө бийликтин ажы­рагыс бөлүгү катары бардык саясий процесске катышуу аркылуу айрым учурда, бийликти то­лук колдоосу, кээде ага каршы болуусу менен өл­көнүн өнүгүшүнө оң таасир берет. 1) с а я с й й; өкмөттү же бийлик органын ММК аркылуу сын­доо, шайлоо жолу, парламентте көпчүлүктү түзүү же ага ишеним көрсөтпөө менен өкмөттү алмаш­тыруу; 2) т ы н ч т ы к; митинг, жүрүш, иш таштоо ж. б. акцияларды колдонуу, импичмент жарыялоо аркылуу максатка жетип күч колдо­нуу: куралдуу көтөрүлүш, партизандык согуш, террордук актылар, аскер төңкөрүшү (путч) ж. б. аракеттери менен авторитардык же тоталитар­дык бийлик өкүм сүргөн өлкөлөрдө демокр. принциптер үчүн күрөшөт. Кыргызстан эгемендик алгандан бери анын демокр. багытта өнүгүүсүнө таасир тийгизген партиялар менен кыймылдарга:

«Кыргызстан демокр. кыймылы» (КДК), «Ар намыс», «Ата Мекен», «Ата Журт», Кыргызстан Социал-де­мократтар партиясы (КСДП), «Республика», «7- апрель жаштар кыймылы», «Бириккен элдик кыймыл» ж. б. кирет.