ОПЕРАЦИЯ (аскердик)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРАЦИЯ (аскердик) - максаты, мезгили, оруну жагынан макулдашылып, өз ара тыгыз байланышкан, бир. план боюнча куралдуу күчтөр­дүн бир же бир нече түрүнүн операциялык же стратегиялык милдет аткарууга багытталган соккусунун, салгылашынын, чабуулунун жы­йындысы. Кургакта, деңизде, абада жана аба де­санттарында жүргүзүлөт. О. чабуул коюу менен да, коргонуу менен да жүргүзүлүп, мезгили боюнча бир убакта же удаалаш ишке ашырылат. Катыш­кан куралдуу күчтөрдүн түрүнө жараша стра­тегиялык, фронттук, флоттук жана армиялык 0. деп бөлүнөт.