ОПЕРАТОРЛОР ТЕОРИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРАТОРЛОР ТЕОРИЯСЫ - функционалдык анализдин бир бөлүмү операторлордун касиет­терин жана аларды колдонуу закондорун изил­дейт. О. т. интегралдык теңдемелер теориясы­нын өнүгүшүнөн, дифференциалдык оператор­лордун өздүк функциясын жана өздүк мааниле­рин табуудан, ошондой эле классикалык анализ менен математикалык физиканын маселелерин чыгаруудан пай­да болгон. 0. т-нда операторлор менен аткарылуучу ар кандай амалдар аныкталат. Эгер А операто­ру X көптүгүнүн Ү көптүгүнө өз ара бир маа­нилүү чагылдырса, анда А~’ тескери оператору төмөнкүдөй аныкталат: у=А(х) болсо, анда х=АЧу). Эгер В оператору У көптүгүн 2 көптүгү­нө чагылдырса, А жана В операторлордун көбөй­түндүсү С=ВЧА оператор болот да, төмөнкүчө аныкталат: у=А(х), г=В(у) болсо, анда г=С(х). Оператордун эң негизги классы - сызыктуу нор­малдуу мейкиндиктеги сызыктуу операторлор. X көптүгүнөн ар кандай а жана Ь элементтери жана а, Ъ сандары үчүн А(аа+Ъ&)= аА(а)+ ЪА(Ъ) орун алса, А оператору X сызыктуу мейкиндик­ти өзүнө чагылдырса, андай оператор сызыктуу деп аталат. Мындан башка да оператор норма­сы, операторду санга көбөйтүү, операторлордун суммасы, оператордун үзгүлтүксүздүгү анык­талат. Сызыктуу операторлор: функцияларды дифференциялоо, интегралдык оператору жана кандайдыр бир М матрицага көбөйтүү аркылуу векторлорду өзгөртүп түзүү оператору. Азыр сы­зыктуу эмес операторлор теориясы менен оң опе­раторлор теориясы өнүгүп жатат.

Ад.: Данфорд Н„ Шеарц Дж. Т. Линейные опера­торы. Общая теория / Пер. с англ. М., 1962.