ОПЕРАТОРДУК ИСКУССТВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРАТОРДУК ИСКУССТВО — чыгармачылыктын ки­нематографияга таандык түрү; киного тартуу ме­тоду аркылуу режиссёр жана сүрөтчү менен бирге фильмдердин сүрөттөчү формаларын жаратуу өнөрү. О. и-нун жардамы менен чыгарманын маз­муну жана идеясы ачылат, кинодраматург менен режиссёрдун ою жүзөгө ашат. Бул өнөрдүн сүрөт­төө каражаты - кадр. Анда предмет же көрү­нүш, алардын майда бүлөкчөлөрү ийкемдүү көр­көм форма менен көрсөтулүп, мимика, ишарат, ар кандай кыймыл фильмдин композициясына ылайык чоңойтулуп же жөнөкөй формада кө­рүүчү окуяга аралаш жүргөндөй ынамдуу тар­тылат. О. и-нун пайда болушу жана калыптаны­шы кино искусствосунун өнүгүшүнө тыгыз бай­ланыштуу. Ал өнөр адегенде «жандуу фотогра­фиялар» түрүндө болсо, кийин кыймылдуу ки­нонун көп жаңы ыкмалары чыгармачылык менен өз­дөштүрүлүп, көркөм бийиктикке жеткирилди. О. искусствонун мыкты үлгүлөрүнө «Броненосец “Потемкин”» (оператор Э. К. Тиссэ), «Эне» (оператор А. Д. Головня), «Чапаев» (оператор Анын Ичинде Сигаев), «Максим жөнүндө училтик» (опе­ратор А. Н. Москвин), «Каркыралар учуп бара­тат» (оператор С. П. Урусевский), «Согуш жана тынчтык» (оператор Атап Айтканда Петрицкий), «Азат кылуу» (оператор И. М. Слабневич) фильмде­рин мисал келтирүү болот. Кыргызстанда О. и-нун өнүгушүнө К. Кыдыралиев, М. Мусаев, Ю. Гер­штейн, Н. Борбиев, М. Туратбеков ж. б. салым кошту.

Ад: Головня А. Свет в искусстве оператора. М., 1945; его же. Мастерство оператора, М., 1965; Кос­матов, Л., Операторское мастерство, М., 1962; Ильин Р. Н. Изобразительные ресурсы экрана. М., 1973; Ашы-мов К. Кино - сыйкырдуу искусство. Фр., 1975; его же. Экран Киргизии рассказывает. М., 1976.