ОПЕРА
ОПЕРА (итал. opera, сөзмө-сөз - чыгарма, эмгек) - музыкалык-драмалык искусство жанры. Ал ария, речитатив, вокалдык ансамбль, хор, оркестр номерлеринен (увертюра, антракттар) турат. Кээде балет көрүнүштөрү, диалогдору, мелодрама да О-га кирет. 0-нын тарыхый-баатырдык, баатырдык-эпикалык, элдик-жомок, лирикалык-турмуштук ж. б. түрлөрү бар. Ошондой эле О.-сериа, О.-буффа (Италия), комедиялык жана лирикалык (Франция) 0. жанрлары болот. 0-нын айрым түрлөрү белгилүү бир улуттук маданият жана доор менен тыгыз байланыштуу. 16-к-да Флоренцияда пайда болгон 0. өнүгүүнүн татаал жолун басып өткөн. Көрүнүктүү О-лар: В. А. Моцарт «Фигаронун үйлөнүү тою» (1786); «ДонЖуан» (1787); «Сыйкырдуу чоор» (1791); Ж. Россини, «Севильялык чачтарач» (1816); К. М. Вебер, «Таамай аткыч» (1821); Ж. Верди, «Риголетто» (1851), «Травиата» (1853), «Аида» (1870), «Отелло» (1886); Р. Вагнер, «Лоэнгрин» (1848); «Нибелунг шакеги» тетралогиясы (1854, 1856, 1871, 1874), «Тристан менен Изольда» (1859); Ш. Гуно, «Фауст» (1859); Ж. Бизе, «Кармен» (1874); С. Монюшко, «Галька» (1858); Б. Сметана, «Сатылган колукту» (1866); А. Дворжак, «Суу периси» (1900), Ж. Пуччини, «ЧиоЧио-сан» (1903). Алгачкы орус 0-сы 18-к-дын 2-жарымында пайда болгон. О. жанрынын классикалык чыгармалары 19-к-да Россияда, Украинада жаралган: М. И. Глинка «Иван Сусанин» (1836); «Людмила» (1842); А. С. Даргомыжский «Суу периси» (1855); А. Г. Рубинштейн, «Демон» (1871); М. П. Мусоргский, «Борис Годунов» (1872) жана «Хованщина» (Н. А. Римский-Корсаков бүтүргөн, 1883). 20-к-да СССРде союздук респ-лардын композиторлору О-га көңүл бурушкан (С. С. Прокофьев, Д. Д. Шостакович, Г. И. Майборода, У. Гажибеков, 3. Палиашвили, А. Жубанов ж. б.). Кыргызстанда О. жанры «Айчүрөк» (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, 1939) операсынын коюлушу менен башталат. Кыргызстанда М. Абдраев «Жаш жүрөктөр» (1953), «Олжобай менен Кишимжан» (1965), «Бороон алдында» (1972), В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере «Токтогул» (1941, экинчи редакциясы 1956); А. Аманбаев (С. Л. Германов менен бирге) «Айдар жана Айша» (1952), «Бойдоктор» (1960, 1974), М. Раухвергер «Алтынкөкүл» (1942, 1976), «Жамийла» (1960), Н. Давлесов «Курманбек» (1979), С. Осмонов «Кычан» (1981), «Сепил» (1984), Ж. Каныметов «Ак Мөөр» (1993); «Жусуп Баласагын» (2002) ж. б. опералары менен кыргыз улуттук опера искусствосун бийиктикке көтөрдү.
Ад-: Алагушов Б„ Каплан А. Кыргыз операсы. Ф., 1973; Саламатов Т. Кыргызский национальный академический театр оперы и балета имени А. Малдыбаева. Б., 2012.