ООГАМИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ООГАМИЯ - формасы, көлөмү, кыймылы жагынан кескин айырмаланган гаметалардын уруктануу убагында бири-бирине кошулушуп, зиготаны пайда кылуучу жыныс процессинин бир түрү. Ургаачы гаметалар - чоң кыймылсыз шапалаксыз энелик клеткалар. Эркек гаметалар (сперматозоид) кичирээк - бир же бир нече шапалакчалуу (кээде жок), кыймылдуу болот. О. көп клеткалуу жандыктарга жөнөкөй жана татаал түзүлүштүү өсүмдүктөргө мүнөздүү.