ОНДАТРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОНДАТРА (ОпсШга ххЬеЙпсиз) - кемирүүчүлөр­дүн момолойлор тукумчасындагы сүт эмүүчү жа­ныбар. Дене узундугу 35 смге, куйругу 28 смге, сал­магы 1,5 кгга жетет. Суу жээгинде жана сууда жашоого ыңгайланган. Куйругу капталынан жалпак, арткы буту сүзгүч жаргакчалуу. Жүнү калың (жыш) кара-күрөң, кара түстө, суу жук­пайт. Эркегинин урук бези куут мезгилинде мускус затын бөлүп чыгарат. Ийин казып же камыш, чым көңдүү кыртыштан үй куруп жашайт. 0-нын мекени - Түндүк Америка. Евро­пага бир нече жолу алынып келинип, байыр­лаштырылган. Евразияга, ошондой эле Субарктикага чейин таралган. Кичи жана Алдынкы Азия, Моңголия, Кытай, Кореянын суу жыйылмала­рында да көп. Кыргызстандагы чоң суулардын боюн­да кезигет. Жылына 3-4 жолу 7-8ге чейин тууйт. Териси баалуу. Кээде плотина жана дам­баларга зыян келтириши мүмкүн. О. - туляре­мия, паратиф ж. б. жугуштуу оорулардын коз­гогучтарын табигый алып жүрүүчүлөр.