ОН АРЧА (ар­хеол. эстелик)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОН-АРЧА - төмөнкү таш дооруна таандык ар­хеол. эстелик. Нарын р-нунун аймагында, де­ңиз деңгээлинен 2400-2500 м бийиктикте жай­гашкан. Он-Арча суусунун оң тарабындагы 30- 40 м бийиктиктеги тектирчеден бир кыры ча­былып, дого түрүндөгү мизге айландырылган, экинчи жагы кармаганга ылайыкташкан сай ташы табылган. Археологияда мындай курал чоппер деп аталат. Чоппердин жанынан ташты бөлө жарчу дого сымал миз чыгарылган кыр­гыч табылган. 1953-жылы археолог А. П. Оклад­ников казып изилдеген.