ОМУРТКА ТУТУМУ — кишинин жана омурткалуу жаныбарлардын скелетинин негизги бөлүгү. 0. т-н омурткалар бири-бири менен омуртка аралык кемирчек (диск) жана байламталар аркылуу кошулуп түзөт. Ал омурткалуулардын таяныч органы болуу менен жүлүндү коргоп турат. Жүлүн омуртка каналынын ичинде жайгашкан. Аткарган кызматына жараша балыктардыкы 2 (дене, куйрук), кургакта жашоочу омурткалуулардыкы 4-5 бөлүктөн (моюн, көкүрөк, бел, куймулчак, куйрук) турат. Моюн бөлүгү баштын кыймылын камсыз кылып, түрдүү жаныбарларда
алардын саны ар башка. Мисалы, жерде-сууда жашоочуларда, сойлоочуларда орто эсеп менен 8 (4төн 9га чейин), куштарда 11ден 25ке чейин, сүт эмүүчүлөрдө 7 моюн омуртка болот. 0. т-нун көкүрөк бөлүгүнө кабыргалар бекип, алардын көпчүлүгү төш сөөгү менен биригип, көкүрөк көөдөнүн (жерде-сууда жашоочулардан башка) түзөт. Куштар учуп жүргөндүктөн, көкүрөк омурткаларынын бир бөлүгү биригип өскөн. 0. т-нун бел бөлүгүндө рудимент кабыргалар болуп, көкүрөк бөлүккө караганда
Омуртка тутуму: 1 - моюн омурткалары; 2 - көкүрөк омурткалары; 3 - бел омурткалары; 4 - куймулчак; 5 - чычан.
Shape 5283кыймылдуу болот. Куйрук бөлүгү ар кандай кызмат аткарат. Сойлоочулардын куйрук бөлүгү жакшы өөрчүп, көп сандаган рмурткалардан турат. Кишинин О. т. 33-34 айрым омурткадан туруп, 5 бөлүккө бөлүнөт: моюн (7), көкүрөк (12), бел (5), куймулчак (5) жана чычаң (4-5). Киши тик басып жүргөндүктөн, О. т. башты, денени көтөрүп турат жана омурткалардын көлөмү жогортон төмөн карай чоңоюп, моюн жана бел бөлүгү алдыга (лордос) көкүрөк менен чычаң бөлүгү артка (кифоз) кетип, ийри тутумду түзөт. Көкүрөк омурткаларына 12 жуп кабырга бекип, ал кабыргалардын учу алды жагынан төш сөөгүнө туташып, көкүрөк көңдөйүн түзөт. Кишинин келбети О. т-нун ар кандай деңгээлде ийилишине, анын байламталары жана булчуңдарынын абалына байланыштуу болуп, өсүүдөгү бузулуулар ага тескери таасир этет. 0. т-нун ийилиши тикесинен турган адамдын омурткаларынын ортосундагы урунууну азайтып, басканда, чуркаганда, секиргенде пайда болгон силкинүү жеңилдейт. О. т. боюнча узата жайгашкан муундардын, кемирчектин жардамы менен ар түрдүү кыймылдарды ишке ашырууга болот. О. тутумунун моюн жана бел бөлүгү кыймылдуу, ал эми көкүрөк бөлүгү азыраак кыймылдайт.