ОМУРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМУРОВ Таалайбек Дардайылович [22. 5. 1957- жылы туулган,Чүй обл., Калинин (азыркы Жайыл) р-ну, Кара-Суу айылы] - физика-математика илимдеринин доктору (2000), проф. (2004), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (2003). КМУну (1979) бүтүргөн. КМУда окутуучу (1979-83), улук оку­туучу (1983-87), доцент (1987-2004), кафедра башчысы (2010-11). 2010-жылдан КУУнун «На­вье-Стокс» илим-изилдөө борборунун директору. Таби­гый илимдеги корректтүү жана корректтүү эмес түз жана тескери коюлган математикалык маселелер, ошондой эле Навье-Стокс тендемеси ж. б. боюнча адис. ЮОдөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 6 монография, 4 окуу куралы, 2 окуу китеби жарык көргөн жана 1 патенттин ээси. Эмг.: Методы регуляризации интегральных урав­нений Вольтерра первого и третьего рода. Б., 2003; Прямые и обратные задачи односкоростной теории переноса. Б., 2010; Нестационарная задача Навье­Стокса для жидкости с вязкостью. Б., 2011.