ОМАР ХАЙЯМ
ОМАР ХАЙЯМ Гиясаддин Абу-ль-Фатх ибн Ибрахим (1048-жылы чен, Нишапур - 1122-жылдан кийин, ошол эле жер) - фарси жана тажик акыны, математик, философ. О. Х-дын өмүрүнүн көбү Орто Азия жана Иран, Балх, Самарканд, Исфахан ж. б. шаарларда өткөн. Философияда Аристотель менен

Ибн Синанын жолун жолдогон. Математика боюнча О. Х-дын бизге жеткен эмгектери аны улуу
окумуштуу катары мүнөздөйт. Математикалык трактатында теңдемелердин чыгарылышын 3-даражасына чейинки геометриялык формада системага салган. «Евклид китебинин татаал жоболоруна түшүндүрмө» аттуу трактатынын мазмунун параллелдер жөнүндөгү оригиналдуу теория түзөт. О. X. акын катары дүйнөгө рубаилери (төрт саптар) менен таанылган. Ал төрт саптардын канчасы О. Х-га тиешелүү экени алигиче тактала элек. 0. Х-дын лирикасы фарси-тажик поэзиясынын жалпы агымынан кескин бөлүнүп турат. Анын поэзиясында өлгөндөрдүн чөпкө айланышы жана чөп менен жандуулардын тамактанышы түбөлүк кыймылдагы материя жөнүндө каңкуулап, дүйнө менен жеке адамдын байланышы айкындалат; шарап даңазаланып, тиги дүйнөдө жашоо жок дегендей тыянак чыгарылат. Рубаилердин негизги идеясы - сопусунгандарды ашкерелөө, эки жүздүүлүктү жек көрүү, пенденин эркиндигин жактоо. О. X. көп учурда ырларынын лирикалык каарманын эркин пенде катары көрсөткөн. Анын каарманы - бунтчул жана зордук-зомбулукка келишпес, кудайсыз. Бирок О. Х-дын чыгармаларында татаал жана карама-каршы маселелер бир кыйла. Изилдөөчүлөр тарабынан анын рубаилери карама-каршылыктуу талданып жүргөндүгү ушуну менен түшүндүрүлөт. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.
Чыг.: Рубаилер/Которгондор Ж. Садыков, Т. Шаршенбаев. Ф., 1987; Рубаилер/Которгон С. Жусуев. Б., 2004.
Ад.: Морчнок С. Б„ Розенфелъд Башкача Айтканда Омар Хайям - поэт, мыслитель, учёный. Душ., 1957.