ОМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМАН, Оман Султандыгы (Уман султандыгы) - Түштүк-Батыш Азиядагы мамле­кет. Араб ж. а-нын түштүк-чыгышынан орун ал­ган. Түн,- чыгышынан Оман булуңу, түштүк-чы­гышынан Араб деңизи менен чулганат. Аянты

БУУнун маалыматы боюнча 309,5 миң км2

(батыш чек арасы чөл аркылуу өтүп, так жүргүзүлгөн эмес). Калкы 2,6 миллион (2011); негизинен арабдар (90%), ошондой эле индейлер, пакистандыктар, банг­ладештиктер, шри-ланкалыктар жана Африка келгиндери жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2

жерге 14 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 70,2 жаш, аялдарыныкы - 73,2. Мамлекеттик тили - араб тили. Ислам динин тутат. Администрациялык-аймактык жактан 4 губернаторлукка, 5 округга бөлүнөт. Борбору - Маскат ш. Шаар калкы 77,6% . Акча бирдиги - Оман риалы.

Мамлекеттик түзүлүшү. О. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - абсо­люттук монархия (султандык). Мамлекет жана өкмөт башчысы - султан. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин султан өзү жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент - Шура кеңеши (меж­лис аш-шура) жана Мамлекет кеңеши (межлис ад-даула). Өлкөдө саясий партиянын негизде­шине тыюу салынган. Султан Карбус бен-Сайд бен-Теймур 1970-жылдан бийликте.

Т а б и я т ы. Жери тоолуу; эң бийик жери 3017 м (Эль-Ахдар массивиндеги Эш-Шам чоку­су). Тоолор менен Оман булуңунун аралыгында кууш Эль-Батина ойдуңу жатат. Климаты тро­пиктик, ысык, кургак. Дүйнөдөгү эң ысык мам­лекет. Январдын орт. температурасы 21°С, июлдуку 32°С. Жылдык жаан-чачыны 125 лшден 500 лшге чейин. Туруктуу дарыясы жок. Жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү өсөт. Тоолорунда саванна, жал­бырагы күбүлмө тропик токою кездешет. Вази­Серин резерваты бар.

Т а р ы х ы. О. аймагын адамдар биздин заманга чейинки 3-

Баркадагы форт.

МИҢ жылдыкта мекендеген. Биздин заманга чейинки 1-миң

жыл­дыкта 0-га Йемендин ямани урууоу келип оту-

рукташкан. Биздин замандын 6-к-нда О. Сасаниддер

бийли­гинде болуп, 7-к-да Араб халифатына караган. Өлкөдө ислам үстөмдүк кылып, 0. эли хали­фаттагы Омейя династиясына каршы

көтө­рүлгөн.

Бони-Ауф вадисин көздөй кеткен жол.

Ал кулаган соң (750), өлкөнү имам сурап, 0. көз карандысыз мамле­кет - имамдык деп жарыя­ланган. 16-17-к-даО. айма­гын португалдар, 18-к-дын башында перстер басып ал­ган, бирок 1741-жылы Ахмед Зафари (башчысы) аймак­ты перстерден бошотуп, ири мамлекет түзгөн. Ага Перс булуңундагы аралдар, азыркы Иран, Чыгыш Аф­рикажээктери (Сомалиден Мозамбикке чейинки) кара­ган. 1744-жылдан кайрадан имам бийлеп, 1792-жылы Мас­кат султандыгы пайда бол­гон. 1891-жылдан британ протектору. 19-к-дын ба­шында О. имамдыгы, Мас­кат султандыгы жана Пират жээгине (1853-жылдан Ке­лишим Оманы, 1971-жыл­дан Бириккен Оман эмир­диги) бөлүнгөн. 1970-жылы августта Маскат султан­дыгы менен имамдык бири­гип, О. султандыгы түзүл­гөн. Өлкөдө экономикалык модерни­зациялоо башталып, соци­алдык чектөөлөр жоюлган. 1987-жылдан О-да туризм­дин активдүү өнүгүүсүнө ке­ңири мүмкүндүктөр ачыл­ган.

Экономикасынын негизин нефть казып алуу жана экспорттоо түзөт. О-нун улуттук дүң кирешесинин көлөмү 53,5 миллиард АКШ дол­лары. Аны киши башына

Оман акчасы - Оман риалы.

бөлүштүргөндө 23,9 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшу (% менен) - 61,6, ө. ж-ныкы - 36,3, а. ч-ныкы - 2,1. Калктын жашоо деңгээли боюнча дүйнөдө 78-орунда (2004). 0. - нефть-газ ө. ж. өнүгүп келе жаткан аграр­дык өлкө. Оазис дыйканчылыгы, бакча жана тро­пика өсумдүктөрү, курма пальмалары өстүрүлөт. Көчмөн мал чарбачылыгы бар. Балык карма­латынча Кен байлыктарынан нефть, жаратылыш газы, алтын, күмуш жана жез казылып алынат. 2007-жылы 13,58 миллиард кВт-с электр энергиясы өн­дүрүлгөн. Нефть ажыратуу, химиялык, цемент, тамак­аш-татымал, машина куруу, металл иштетүү, оптика буласы ө. ж., текстиль жана тигилүү ки­йимдер өндүрүштөрү иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (атылбас куралдар, булгаарыдан, кездемеден буюм жасоо) өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу 42,3 миң км. (анын ичинде 16,5и асфальт­талган), газ куурунуку 4,2, нефтиники 3,56. Т. ж. жок. Деңиз порттору: Султан-Кабус (Маскаттын шаар айланасы), Райсут (Салалы­га жакын), Матрах, Мина-эль-Фахаль. Сыртка нефть, суюлтулган жаратылыш газы, түстүү металл, балык, ун жана жашылча-жемиш чы­гарат. Ошондой эле товарларды реэкспорттойт. Негизги сырткы соода шериктештери: Япония, Корей Респ., Тайвань, Сингапур, БАЭ. Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө.

Маданияты. Билим берүүсү башталгыч, орто, кесиптик жана жогорку билимди камтыйт жана 1972-жылдан акысыз. Акыркы 30 жыл ичинде ЗООгө жакын башталгыч мектептер ку­рулган. Маскат ш-нда султан Кабус атындагы университет бар. Университете гуманитардык, так жана табигый илим­дерге тиешелүү факультеттер бар. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 72%ти түзөт (2009). Ири китепкана, музейлери иштейт. Гезит-журнал­дары араб тилинде чыгат.