ОМ Георг Симон

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМ Георг Симон (16. 3. 1787, Эрланген - 7. 7. 1857, Мюнхен) - немис физиги, Лондон король коомунун

мүчөсү (1842). Эр­ланген университетинде окуган. Өз алдынча доктордук диссер­тация даярдап, аны 1811-жылы жактаган. 1833-жылдан Нюрнберг политех. мекте­бинде директор, Мюнхен ун­тинин проф. (1849). О. электр, оптика, кристалл-оптика жана акустика боюнча илимий из. жүргүзгөн. 0. көптөгөн изилдөөлөрдүн жана тажрыйбалардын негизин­де чынжыр бөлүгүндөгү ток күчүнүн чыңалууга көз карандылык законун, туюк чынжырдагы ток күчүн аныктоочу законду ачкан (1826). Ток күчүн өлчөөчү сезгич куралды жасаган. Мындан тышкары О. өткөргүчтүн каршылыгынын анын узунунан жана туурасынан кесилиш аянтына көз каранды экенин далилдеген. 1881-жылы Омдун ысмы менен өткөргүчтүн электр каршылыгынын бирди­ги (о.и) аталган.