ОЛУЯ АТА УЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛУЯ-АТА УЮ - сүт багытындагы уй тукуму. 1885-жылдан баштап Кыргызстандын Талас өрөө­нүндөгү (Олуя-Ата уезди) жана Казакстандын түштүк аймагындагы жергиликтүү уйлар голланд уюнун букалары менен аргындаштырылып, кийин ич ара көбөйтүү жолу менен чыгарылган. Кыргызстан менен Ка­закстандын көп райондоруна, ошондой эле Өзбекстан­дын айрым жерлерине тараган. Денеси чың, жергиликтүү табигый-климаттык шартка (ысыкка, би­йик тоолуу жайытта багууга) көнгөн. 1974-жылы порода катары бекитилген. Башка уйлардан айырмаланып, мителүү кан ылаңдарына (тей­лериоз, пироплазмоз) туруктуу келет. Дене түзү­лүшү субагай, башы кичине, моюну ичке, соо­русу бийик. Өңү көбүнчө карала, төшү, курса­гы, желини ак; айрымдарынын өңү сарала. Өркөчүнүн бийиктиги 125-126 см, дене узундугу 150 см, көкүрөк курчамы 175 см. Букасынын орт. ти­рүүлөй салмагы 750-770 кг (айрымдары 1000- 1100 кг), инегиники - 440-450 кг. Ар уйдан жы­лына 2800-3200 кг сүт саалат, сүтүнүн майлуу­лугу 3,9-4,1%. Жакшы бордолот. 52-56% (кээ­синен 60%) эт чыгат. О.-А. у. негизинен Казак­стандын түштүк обл-нда (Чымкент, Жамбыл), Кыргызстандын Талас өрөөнүндө жана Ош облусунун р-ндорунда асыралат. О.-А. у-нун дене түзүлү­шүн, сүттүүлүгүн, этинин сапатын жакшыртуу максатында асыл тукум иши улантылууда.

Ац-: Дуйшекеев 0., Харитонов В. Д. Племенная ра­бота в скотоводстве Киргизии. Фр., 1975.