ОЛУЯ АТА РАПОНТИКУМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛУЯ-АТА РАПОНТИКУМУ (КЬарпИсит аиИеайепзе) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун өтө сейрек кездешүүчү түрү. Көп жылдык тамыр-сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 40 см, төмөнкү сабактагы жалбырагы­нын узундугу 8-12 см, туурасы 2-3 см, жалбырак сап­туу, канатчадай - айчыктуу. Гүлү мала кы­зыл, сары,_себетче топ гүлчө чогулган, себетче­нин диаметри 4-7 см, гүл ороочтору бир нече катар. Май-июнь айларында гүлдөйт. Уругу менен көбөйөт. Арчалуу токой тоолордун шагыл, таштуу капталдарында өсөт. Кыргыз Ала-Тоо­сунун батыш жагында, Эчкили-Тоо, Ак-Таш, Талас кырка тоолорунда кездешет. Сейрек жо­лугуучу эндемик катары КРдин Кызыл ките­бине киргизилген.