ОЛИМПИАДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛИМПИАДА (грекче 01утр1аз, О1утр1а<1о8) - биздин замандын 394-жылына чейин Байыркы Грекияда колдо­нулган жыл эсептөө бирдиги; биринчилик үчүн (спорттук, билим, музыка боюнча ж. б.) мелдеш. 1) олимпиялык оюндар ар бир 4 жылда өтөт (байыркы гректерден бери). Тарыхчы Тимей 0. боюнча жыл эсебин киргизген (биздин заманга чейинки 264-ж.). Биздин заманга чейинки 776-ж. биринчи О. жылы деп алынган; 2) азыркы учурда эл аралык ири спорттук ком­плекстүү мелдеш; 3) Эл аралык шахмат феде­рациясы (ФИДЕ) өткөрүүчү шахмат боюнча дүйнө­лүк командалык биринчилик; 4) 1920-40-жыл­дары СССРде өткөрүлгөн эл чыгармачылыгынын конкурстары менен кароолорунун аталышы.

Кыргызстандагы алгачкы музыкалык 0. 1936-жылы, кийинки жылдары мезгил-мезгили менен өткөрүлүп келген; 5) билим тармагы боюнча айрым тапшырманы жак­шы аткаруу үчүн окуучулардын таймашы. Кыр­гыз ССРинде алгачкы О. 1961-жылы Фрунзеде ма­тематика боюнча өткөрүлгөн. Андан кийин жылы­на физика, химия, математика ж. б. предмет­тер боюнча мектеп окуучуларынын ш-дык, р-ндук, обл., респ. 0-сы өткөрүлүп турат.