ОЛИГОФРЕНОПЕДАГОГИКА
ОЛИГОФРЕНОПЕДАГОГИКА - дефектология илиминин акыл-эси кем балдарды окутуу, тарбиялоо жана кемчилигин жоюу маселесин изилдөөчү бир тармагы. 19-к-дын башында медицина жана педагогика тармагынан изилдене баштаган. 19-к-дын аягында көп өлкөдө жалпыга башталгыч билим берүүнүн күчөтүлүшүнө байланыштуу акыл-эси кем балдар үчүн атайын класстар жана мектептер түзүлө баштаган. Россияда алгачкы жардамчы класс 1908-жылы, мектеп 1910-жылы ачылган. Акыл-эси кем балдарды окутуу жана тарбиялоо атайын жардамчы мектептерде жүргүзүлөт. Окутуу эмгек менен айкалыштырылып, тарбиялоо мектепте жана үй-бүлөдө бир максатты көздөйт. Мында балдардын сезип-билүү тажрыйбасын арттырууга, сүйлөө речин өнүктүрүүгө, ден соолугун чындоого өзгөчө көңүл бөлүнөт. ЖОЖдордун педагогикалык дефектология факультеттеринде даярдалат. Кыргызстандын айрым ш-лары менен р-ндорунда 0. боюнча жардамчы мектептер ачылган.