ОЛИГОФРЕНИЯ
ОЛИГОФРЕНИЯ (олиго... жана грекче рЬгёп - акыл)— тубаса же төрөлгөндөн 3 жашка чейин пайда болгон кем акылдык. Ага психикалык жактан кемчилдик жана оорулуунун начар өсүшү мүнөздүү. Мээ сезгенгенде психикалык өсүү кечендеп, сүйлөө, угуу ж. б. бузулат. 0-нын пайда болушу генетикалык жактан да шартталышы мүмкүн (к. Тукум куума оорулар). 0. эле организмде зат алмашуунун бузулушу, түйүлдүккө түрдүү зыяндуу заттардын таасири, ымыркайдын төрөттөн жабыркашы ж. б. себеп болот. О-да баланын таанып-билүүсү, ой жүгүртүүсү ж. б. жетишсиз болуп, көпчүлүк учурда сезүү, кыймыл органдары да начарлап, айрым орган жана
системалардын өсүшүндө кемчилдиктер (бойдун өспөй калышы, дененин, баш сөөктүн туура эмес түзүлүшү, жыныстык жактан кеч же эрте жетилүү) байкалат. Кем акылдык даражасына жараша идиотия, имбецилдүүлүк, дебилдүүлүк болуп айырмаланат. О-дан жапа чеккендер врачтын көзөмөлүндө болууга тийиш. Алдын алууда боюнда бар аялдарды, жаш балдарды травмадан, жугуштуу оорулардан, уулануудан сактоого зарыл.