ОЛИГАРХИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОЛИГАРХИЯ (грекче о11§оз - азчылык, агсЬё - бийлик) - бийликтин бир түрү; колуна чексиз байлык топтогон аз сандагы кишилердин үстөмдүк кылышы. «О.» терминин алгач байыркы грек философтору Платон менен Аристотель киргизген. Алардын ою боюнча бийликтин «байлар үстөмдүк кылып, кедейлер башкарууга катыша албаган» түрү. О. бир нече түргө бөлүнөт: 1) көпчүлүктүн колунда байлыктын ченемдүү болушу менен жогорку бийликтин мыйзамга баш ийишин колдоо; 2) азыраак адамдардын колуна көп байлыктын топтолушу менен өзүн колдогондорду бийликке жеткирүүгө аракет жасоо ж. б. О-нын өзгөчө формасы плутократия болуп эсептелет.