ОКУРА ЫЛАҢДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКУРА ЫЛАҢДАРЫ - көгөөн, сайгак, ылаа личинкалары пайда кылуучу ылаңдар: гипо­дерматоз, кривеллиоз, гастрофилёз, эстроз, ри­нетроз, цефалопиноз ж. б. Гиподерма­т о з - уйдун окура ылаңы. Нуробегта уруусун­дагы Нуробегта Ьоүхз жана Нуробегта НпеаЪит сайгак личинкалары терини тешип, денеге өтүү менен малды жабыркатат. Ылаңга каршы күрөшүү үчүн хлорофостун 8%түү эритиндиси же гипо­дермин-хлорофос керектелет. Г а с т р о ф и­л ё з - жылкынын өнөкөткө айланган окура ылаңы. Карын менен ичегинин ички бетинде ми­телөөчү Оаз^горйПиз уруусундагы карын ылаа личинкалары пайда кылат. Ылаңга каршы күрөшүү үчүн малга хлорофостун суудагы 5%түү эритиндиси берилет. Э с т р о з - кой ылаңы. Сайгак жумурткасын койдун тумшугуна таш­тайт. Личинкалары койдун кеңилжээринде өөр­чүйт. Мээге чейин жеткен личинка койдун тын­чын алып, жалган көк мээге чалдыктырат. Мал чөп оттобой арыктайт. Түндүк Кавказ, 0. Азияда жана Украинада кезигет. Ылаңга каршы күрөшүүдө хлорофостун суудагы 20%түү эритиндисинен турган аэрозоль пайдаланылат. 0. эле механикалык жол менен личинкалар тазаланат. 0. ы. мал чарбасы­на, ошондой эле булгаары ө. ж-на чоң зыян келтирет.