ОКТЯБРЬ (Араван р-ну)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОКТЯБРЬ - Ош облусунун Араван районундагы кыштак. С. Юсупов атындагы айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 790 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 3 км түштүк тарапта. Ош т. ж. бекетинен 35 км. Кыштак 1932-жылы негизделген. Калкы 3000 (2010); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.