ОКСИМОРОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОКСИМОРОН, оксюморон (грекче охутбгоп - чукугандай сөз тапкандык, акылмандык, кем акылдык, келесоолук деген сөздөрдүн айкалышынан алынган) - бири-бирине карама-каршы маанидеги сөздөр; антонимдердин айкалышынан, биригишинен жасалган стилистикалык каражат. Бирикпегендердин биригиши «бар экен, жок экен» же «тилдүү дудук», «тирүү өлүк», «иттей жакшы» деген сөз айкаштары О. болот (Мисалы, «Манас» эпосунан: Ал сөздү айтып Алооке, Калкынын көөнүн басыптыр. Тирүү өлүк болбойм деп, Түн киргенде качыптыр).