ОККУЛЬТИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОККУЛЬТИЗМ (латынча оссиИиз - жашыруун, ыйык сакталган) - дүйнөдө илимдин кудурети жетпеген күчтөрдүн феномендеринин бар экенин тааныган жана алар менен иш жүзүндө өз ара алакалашуунун практикалык жолун таап иштеп жаткан окуунун аталышы. Философиялык планда О. дүйнөнү кандайдыр бир кубаттуу, токтотууга мүмкүн болбогон улуу күчтөрдүн динамикасы катары караган гилозоизм менен панпгеизмге жакындап кетет. Тарыхта О. түшүнүгүнүн көлөмү, мазмуну жана ролу көп жолу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Маданиятын өнүгүшүнүн ар кыл этаптарында О. илим, философия, дин тармактары менен көп учурда талаш пикирде. О-дин көп жактары азыркы кездеги илимдин жетишкендиктери менен төгүндөлүүдө.