ОКЕАН АЛАБЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКЕАН АЛАБЫ, Дүйнөлүк океан а л а б ы - агын суулары океанга куйган аймак (Жер шарындагы туюк облустардан тышкары жерлер). Ар бир океанга тийиштүү алап бар; бу­лардын чек арасы Дүйнөлүк суу бөлгүчтүн жана туюк облустардын чек аралары аркылуу өтөт.