ОКА ДОН ТҮЗДҮГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКА-ДОН ТҮЗДҮГҮ, Тамбов түздүгү Россиянын европалык бөлүгүндө. Орто Орус жана Волга бою дөңсөөлөрүнүн, Ока жана Дон д-нын аралыгында жайгашкан. Жеринин бети жай­пак, дөбө-дөңсөөлүү, тектирлүү. Бийиктиги 180 лгге чейин. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 450- 500 мм. Токойдун боз жана кара топурак кыр­тыштары мүнөздүү. Токойлуу талаа ланд­шафты кеңири тараган. О.-Д. т. - Россиянын европалык бөлүгунүн а. ч-сы өнүккөн маанилүү ай­магы.