ОЙ БАЛА ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЙ-БАЛА ЧОКУСУ Түштүк Терек-Тоодо, Алай кырка тоосунун чыгыш жагында. Бийиктиги 4786 м. Чоку Көк-Суунун сол куймасы болгон Ой-Баланын төрүндө. О.-Б. ч. неоген-төртүнчүлүк доордо тоонун көтөрүлүүсүнөн жаралган. Чоку жайгашкан тоо кырдуу келип, жондонуп, түш­түккө созулуп жатат. Капталдары тик аскалуу, дайыма жылаңач. Палеозойдун чөкмө тектери­нен түзүлгөн.