ОИМОК ГҮЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОЙМОК ГҮЛ, дигиталис (Бх^ИаИэ) — өсүмдүктөрдүн конул гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Жөнөкөй жалбырактуу эки же көп жылдык чөп, чанда бийик же чала бадал жана бадал. Гүлү чоң, чачы сымал топ гүлдү түзөт. Мөмөсү кутуча, 35тей түрү Түндүк Африка, Европа, Кичи Азия, Кавказда, Батыш Сибирде токой четинде, ачык жерде кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 6 түрү өсөт. О. г. кайчылаш чандашат. Гүлүнүн төмөн жагы (алдын-

кы эрди) созунку болуп, чандаштыруучу чымын, чиркей, аарылар конгонго ыңгайлуу. Жалбырагында медицинада колдонулуучу гликозиддер бар. Ал жүрөк ишин жөнгө салат. Заара бөлүп чыгарууну күчөтөт жана шишикти таратат. Кыргызстанда кызыл О. г. кооздук үчүн жана дары-дармек катары өстүрүлөт.