ОИЛОМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЙЛОМ - объективдүү чындыкты чагылдыруу процессиндеги адамзат таанымынын эң жогор­ку баскычы. Ал реалдуу дүйнөнүн таанымдын сезим баскычында тикелей кабылдоого мүмкүн болбогон объектилери, касиеттери жана мамиле­лери жөнүндө маалымат алууга мүмкундүк берет. Адамдын О-у коомдук-тарыхый табиятка ээ, практикалык иш-аракет менен тыгыз байланыш­туу (к., Аң-сезим). О-дун формалары жана закон­дору логикада, анын жүрүү механизми психо­логияда жана нейрофизиологияда изилденет. О. деген реалдуу дүйнөнү сезим баскычынан түз­дөн-түз кабылдай албас маалыматтарды, таа­нымдын жогорку баскычы - теориялык деңгээлден ылгап алууга мүмкүндүк берет. Адам О-у коом­дук-тарыхый кырдаалдарга шартталган жана бир катар практикалык иш-аракеттер менен байла­ныштуу. Кибернетикада О-дун бир катар ой жү­гүртүү операцияларынын компьютердик модел­дөө функциясына байланыштуу талдоого алат.