ОЗОНИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЗОНИОЗ, тамыр чириги - өсүмдүктүн өтө коркунучтуу илдети. Илдетти топурактагы Огопшт оттуогпт мите козу карыны (айрык­ча пахтанын) пайда кылат. 2000ден ашык өсүмдүк түрүнүн тамырын илдеттендирет. О-го чалдыккан өсүмдүктүн жалбырагы саргарып, соолуйт, тез куурайт. Мите козу карындын ми­целийи топуракка тарап, андан өсүмдүк тамы­рына кирет. Өсүмдүк тамырында жана сабагы­нын түп жагында киргил саргыч тактар, май­да чуңкурлар пайда болуп, тамыры чирийт. Ил­дет козгогучтар топурак, көчөт ж. б. аркылуу тарайт. Каршы күрөшүү чаралары: карантин чектөө.