ОЗОКЕРИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОЗОКЕРИТ (грекче 02бп - жыттанам жана кёгоз - мом), тоо мому - табигый нефть битуму;

өтө каныккан углеводороддордун аралашмасы. Жогорку эригичтик касиетке ээ, катуу углеводдор менен алардын суюк аралашмасынан турат. Түсү ачык жашыл, сары, күрөң. Тыгыздыгы 1000 кг1м?та чейин, керосин жыттанат, отко күйөт. Курамында 84-86% кычкылтек, 13,5-15%ке чейин суутек бар. Эрүү температурасы 52-85°С. Бензин, керосин,бензолдо эрип, суу, спирт, кислотада эрибейт. О-тин пайда болушу нефть кени менен байланыштуу. Нефть топтолгон тектердеги
тарамдарда жана кабатчаларда кездешет. Кыргызстандагы 0. кендери Риштан, Майлы-Сууда кездешет. Парфюмерия жана лак-боёк үчүн сырьё; ошондой эле медицинада колдонулат.