ОДА
ОДА (грекче ос!е - ыр) - лирикалык түргө кирүүчү жанр; лирикалык поэзиянын жана музыканын жанры, салтанаттуу, патетикалык, даңктоо, мактоо мүнөзүндө жазылган чыгарма. О. хордук ыр катары антикалык мезгилде пайда болгон. 0. хор, бий менен аралаш аткарылган. Ал жанр катары спорт оюндарында жеңгендерди даңазалаган Пиндардын (биздин заманга чейинки 518-442-ж.) чыгармаларында калыптанган. Классицизм доорунда Ф. Малербдин, Вольтердин, Г. Р. Державиндин, Ж. Б. Руссонун чыгармаларында өнүккөн, мазмуну жана тематикасы байыган. Анын теориясын иштеп чыгууга Буало көп көңүл бурган («Поэтикалык искусство», «Ода жөнүндө ой жүгүртүүлөр» ж. б.). ошондой эле 17-к-дан кандайдыр
бир окуя же белгилүү адамдын урматына өткөрүлүүчү сарай салтанатына арналып жазылган вокалдык-аспаптык музыкалык чыгарма. 19-20-к-да нукура аспаптык О-лар да жаралган. Орус поэзиясында 0. жазуу В. К. Тредиаковскийден башталып, М. В. Ломоносовдун поэзиясында өнүккөн. Советтик поэзияда О. жазуу кайра жанданып, революциячыл мазмун алган Октябрь революциясын мактоо (мисалы, В. В. Маяковский «Революцияга ода») үстөмдүк кылган. 0. жанрына кыргыз поэзиясында А. Токомбаев («Компартия жөнүндө ода») ж. б. акындар кайрылган. Советтик мезгилде адабияттагы ашкере саясатташуунун кесепетинен О. жанры идеол. куралга айланган. Азыр 0. ишкерлерге, тарыхый инсандарга, көзү өткөн ата-бабаларга арналып жазылат.